Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы "жоочулардын" ата-энелери президенттен жардам сурайт


Дусти районунун төрт жашоочусу өлкө президенти Эмомали Рахмонго кайрылып, камактагы балдарынын ишине кийлигишүүнү суранышты. Алардын пикиринде, уулдары эч себепсиз кармалган жана кыйноолордун таасири алдында Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандыктарын моюнга алышкан.

Март айында Тажикстан ИИМинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы Дусти районунун 32 тургунун Сириядагы согушка катышкан деген айып менен кармап, Дүйшөмбүгө алып келген. Кийинчерээк 24 адам бошотулган, ал эми сегизи дале тергөө абагында жатат.

Айыпталуучулардын биринин атасы кабарлагандай, уулуна 2014-жылы июнь-август айларында Сирияда согушкан деген кине коюшкан. Бирок ал бул жалган жалаа экенин билдирүүдө. “Менин балам 2014-жылы 7-июлда Орусиядан келди, 12-августта биз аны үйлөндүрүп, той бердик”, -дейт ал.

Дусти районунун башка бир жашоочусу Мазори Хушаков билдиргендей, 28 жаштагы уулу, үч баланын атасы Амиржон Орусиядан депортация болуп келген соң, эч жакка чыккан эмес. “Урматтуу президент, бул ишти адилеттүүлүк менен карап берүүңүздү өтүнөбүз. Менин уулум 2014-жылы 5-ноябрда Орусиядан Тажикстанга автобус менен келген. Ага бул өлкөгө барууга тыюу салынган. Эки жарым жыл бою жергиликтүү базарда араба сүйрөп иштеген. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын 6-бөлүмү баламды кармап, Дүйшөмбүгө алып кетишти. Бирок бизге кабар беришкен жок”,-дейт ал.

Бул ишти карап жаткан Бободжон Халимов айыпталуучуларга карата эч кандай кысым жана кыйноолор көрсөтүлбөгөнүн белгилейт. Алардын айыбын ашкерелей турган далил бар экендигин кошумчалайт. “Себепсиз эле эч кимди кармабайт. Алар сөзсүз эле Түркиядагыдай бир нерсени жардырып ташташы керек беле, ошондо гана күнөөлүү эсептелишеби? Эгер кыйноолор болсо, эмне себептен жактоочуларына кайрылышпайт? Бардыгы тең көрсөтмөлөрүн адвокаттардын катышуусунда берген”,-деди тергөөчү.

XS
SM
MD
LG