Депутат Ирина Яровая демилгелеп чыгып, Орусиянын президенти кол койгон “антитеррордук өзгөртүүлөрдүн” топтому бир катар көйгөйлүү нормаларды камтыйт. Алар жеке жашоо укугун кемсинтип, интернетте ойду эркин айтууда өтө терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн дешет укук коргоочулар.
HRW уюмунун изилдөөчүсү Синтия Вонг мыйзамдардагы өзгөртүүлөр “Чоң агага” электрондук аңдуу жүргүзүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет деп эсептейт.
“Терроризмге каршы” мыйзамдардын топтомуна 7-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон. Ага ылайык массалык башаламандыктарга катышууга ниети барларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, уюлдук операторлор өз кардарларынын бардык телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырып, сактап коюшу зарыл.