Ссылки доступа

АКШ: Орусия Башар Асаддын режимине кысым көрсөтүшү керек


Сириядагы тынчтыкты жактай турганын билдирген Орусия бул ниетин чыныгы аракеттери менен далилдеши керек. Бул тууралуу шейшембиде мамдепартаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди.

Анын пикиринде, Орусия Дамасктагы таасирин Башар Асаддын режимине карата колдонуп, жай тургундарга каршы ок чыгарып, байыстуу оппозицияны бомбалоону токтотууга мажбурлай алса, Сирия боюнча маселе алда канча оңой чечилмек.

Буга чейин Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистураны Cирия аралык сүйлөшүүлөр боюнча кезектеги жыйынды курбай жатат деп айыптаган болчу.

"Жөнөкөй адамдар бомбанын бутасына алынып, ооруканаларга чабуул жасалып жаткан кырдаалда оппозиция үчүн реалдуу сүйлөшүүлөргө баруу оор”, - деди Жон Кирби.

Ал АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри бейшембиде Москвага барып, Орусияны тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн шарт түзүүгө көндүрүүгө аракет кыларын айтты.

Маалым болгондой, 1-августта расмий Дамасктын өкүлдөрү менен сириялык байыстуу оппозиция Женевада сүйлөшүүлөрүн жандандырат. Бирок өкмөттүк күчтөр элдешүү шарттарын аткарбаса, оппозиция сүйлөшүүлөрдөн баш тартарын ырастап келет.

XS
SM
MD
LG