Ссылки доступа

“Өзбекнаво” ырчы Тамилага психологго көрүнүү кеңешин берди


“Өзбекнаво” эстрадалык бирикмесинин жетекчилиги бир нече “уятсыз” сүрөтү жана тасмалары үчүн жаш ырчы Тамиланын лицензиясын алып койду. Буга чейин маалымат каражаттары “Өзбекнавонун” башкы директору Фарход Жураев ырчыга сахнага чыгуунун ордунан дарыгерге барып келүүгө кеңеш берди деп жазышкан.

Podrobno.uz интернет басылмасына берген маегинде Жураев Тамила лицензияны кайра эч качан ала албай турганын айткан. "Себебин билесиңер. Анын балачагынан бери нарциссизмге байланышкан дарты бар окшойт. Ал соо эмес. Сахнага чыккандан көрө психологго көрүнүп келиши керек”,-деди ал.

Башкы директордун айтымында, ырчыны сахнага кайтаруу боюнча аны менен жакында эле сүйлөшүп көрүп, бирок биротоло түңүлүп, дарыгерге барып келүүнү сунуштады.

“Өзбекнаво” эстрадалык бирикмеси Тамиланын лицензиясын 2016-жылдын 1-февралында алып койгон. 28-январда Telegram социалдык тармагында жаш ырчыга таандык деп эсептелген “уятсыз” видео тасмалар жарыяланган.

XS
SM
MD
LG