Ссылки доступа

Тажикстанда армияда үстөмдүк көрсөткөндөр жоопко тартылат


Куляб гарнизонунун аскерий прокуратурасы эки офицерге жана бир катар аскерлерге карата кылмыш ишин козгоду. Алар кол алдындагы жоокерлерге орой мамиле жасап, жеке жумуштарына жумшаган деп айыпталууда.

Аскер прокурору Фируз Ражабзоданын айтымында, армиядагы үстөмдүк үчүн кылмыш иши Шамсидин Шохин районундагы 2931 чек ара бѳлүгүнүн командири Комилжон Рафиевге жана Хамадони районундагы 2133 чек ара бѳлүгүнүн катардагы жоокери Жонибек Муродовго карата козголду. Прокурор кошумчалагандай, Комилжон Рафиев уставды бузуп, жети жоокерди сабаган. Бул окуя майда болгон, кылмыш иши азыркыга чейин тергелүүдѳ.

Ражабзоданын маалыматы боюнча Шамсидин Шохин районундагы 2933 чек ара бѳлүгүнүн прапорщиги Абдурасул Курбонов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жоокерлерди уюлдук байланыш компанияларынын антенналарын орнотууга иштетип, түшкѳн каражатты өзү алып турган.

Ал арада ѳткѳн жылы аймактык аскер прокуратурасы армиядагы үстөмдүк боюнча тѳрт офицерге карата кылмыш ишин козгогон. Алардын баары күнѳѳлүү деп табылган.

2016-жылдын 6 айында тажик бийлиги жоокерлерге орой мамиле кылган бир нече офицерди кызматтан кетирген. Ал эми жаңы келгендерди сабап, ѳлтүрүүгѳ чейин жеткен айрым жоокерлерди ар кандай мѳѳнѳткѳ эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG