Ссылки доступа

«Трибуна» гезити беш миллион теңге тѳлѳѳгѳ милдеттендирилди


Алматы шаарынын Медеу райондук соту «Алматыжарнама» компаниясынын директору Султанбек Сыздыковдун «Трибуна» гезитине каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Ишкердин сотко кайрылышына журналист Денис Кривошеевдин «Жемкор «Алматыжарнаманы» жетектеп калабы?» деген макаласы себеп болгон. Ал «Трибуна» гезитинде быйыл 15-апрелде жарыяланган.

Сыздыков 13-майда сотко кайрылып, макала анын беделине шек келтиргенин айтып, 15 миллион теңге кенемте тѳлѳп берүүнү талап кылган. Медеу райондук соту арызды жарым-жартылай канааттандырып, келтирилген моралдык зыянды беш миллион теңгеге баалады. Бул сумманы макаланын автору Денис Кривошеев, гезиттин башкы редактору Жанболат Мамай жана басылмасынын ээси Калам аттуу жеке ишкер ѳз ара бѳлүп, тѳлѳп бериши керек болот.

«Трибуна» гезитинин башкы редактору Жанболат Мамай соттун ѳкүмүнѳ макул эместигин айтууда. «Иш эки эле жолу каралды. Үчүнчү отурумда, 12-июлда, ѳкүм чыгарылды. Биз 20дан ашуун кайрылуу жасадык, бирок судья Дана Махметова аларды артка кайтарып койду. Биз шаардык жана Жогорку Сотко, зарыл болсо, БУУнун комитетине да кайрылабыз», - деди ал. Жанболат Мамай айып пул төлөбөй турганын айтууда. Соттун чечимин ал көз карандысыз басылманын кыйрашына алып келген, акыйкатсыз кадам катары баалады.

Журналист Денис Кривошеев дагы соттун ѳкүмүнѳ каршы. Анын айтымында, 2014-жылы ондогон маалымат каражаттары Султанбек Сыздыков тууралуу жазган. Ал «бир убакта Алматыдагы Азияда дирекциясын жетектеп, мамлекетке келтирген 23 миллион теңге зыянды тѳлѳп бүткѳндѳн кийин гана кылмыш жоопкерчилигинен бошогон».

- Бардык укук коргоо мекемелери анын коррупциялык кылмыш жасаганын тааныган. Бул – факт. Азыр болсо Сыздыковго макаладагы «коррупционер» деген сѳз жакпай калыптыр, - дейт Денис Кривошеев.

XS
SM
MD
LG