Ссылки доступа

“Роскосмос”: Байконурдан чыгып кетүү пландалган жок


Орусиянын космос агенттигинин башчысы Игорь Комаров “Интерфакс” маалымат агенттигине берген маегинде “Роскосмостун” Байконурдан чыгып кетүү планы жок экенин билдирди.

Анын айтымында, Байконурда курулган инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрү али түгөнө элек. Комаров кошумчалагандай, Байконурдан «Союз» ракетасын башка жакка көчүрүү жөнсүз болуп калат. Жазында Орусиянын Амурск облусунда курулган Восточный космодромунан алгачкы ракета учкан.

Орусия Байконурдан кетүүнү көздөбөгөнү тууралуу өткөн жумада вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин билдирген. «Интерфакска» берген маегинде «Роскосмостун» башчысы Казакстан менен космос тармагындагы кызматташтыкты кеңейтип, Байконурдун техникалык дараметин көтөрүүнү максат кылат деп айтты.

Орусия өкүлдөрүнүн мындай билдирүү менен чыгышына Казакстандын биринчи-вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Москвада “Орусия Байконурду пайдаланууну 2025-жылдан кийин токтото алат” деген кеби себеп болгон. Ошондой эле ал Казакстан Байконурду башка өлкөлөргө ижарага бериши мүмкүн деп айткан болчу.

Орусия Байконур космодромун 2050-жылга чейин ижарага алган. Бакытжан Сагинтаевдин маалыматына караганда, жыл сайын Орусия Казакстанга ижара акысы үчүн 120 миллион доллар төлөп турат.

XS
SM
MD
LG