Баян-Ульгий калаасында 150 миңдин тегерегинде этникалык казак жашайт. 10-июлдагы суу ташкындын кесепетинен 100дөн ашуун үй кыйрап, 700дөй адам баш паанексиз калды. Эки адам набыт болду.
Монголияга жардам көрсөтүү тапшырмасын президент Нурсултан Назарбаев берген. Астана кандай көлөмдө көмөк көрсөтөрүн Масимов ачыктаган жок.