Ссылки доступа

Кудроводо тажик менен өзбек мигранттары кайрадан мушташып кетишти


Кечээ Санкт-Петербургдун четиндеги Кудрово айылында тажик жана өзбек мигранттарынын ортосунда мушташ чыкты. Араздашуунун жыйынтыгында бир нече адам кармалып, бирөө ооруканага түшүп калды.

Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча ички иштер органдары кечээ түнү, болжолу саат 03:40та, Кудрово айылында мигранттардын ортосунда массалык мушташуу болгонун кабарлады.

Аймактык полициянын басма сөз борборунун маалыматы боюнча чырдын жыйынтыгында бир адам орто жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Билдирүүдө айтылгандай, полиция кызматкерлери окуя болгон жерге тез жетип барып, мушташып жаткандарды бөлүштөрүп, бир нече адамды кармап кетти. Санкт-Петербургдун полициясында учурда бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын кабарлашты. Ал эми кармалган мигранттар Орусиядан чыгарылат.

Полиция мушташка канча адам катышканын айткан жок. Күбөлөрдүн билдиришинче, ондогон киши болгон. Айрым маалымат каражаттары мигранттар мас болуп, аларга эскертүү берген жатакананын комендантын сабап киришкен деп жазууда. Комендант гастарбайтерлер туулган күндү өтө катуу майрамдап жатканына наарызылыгын айткан.

Акыркы эки жумада Санкт-Петербургдун Кудрово айылында экинчи жолу мигранттардын массалык мушташы чыгып отурат. 27-июнда кечинде ушул жерде Борбор Азиядан келген мигранттар менен дагестандыктар мушташып кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, араздашууга катышкандар жүзгө чейин жетет. Алар таяк, таш, арматура колдонгон. Травматикалык куралдан ок атылганы угулган. Жыйырма чакты адам кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG