Ссылки доступа

Казак премьер-министри Масимов Монголияга барды


Иш сапары менен Монголияда жүргөн Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бүгүн суу ташкындан жабыркаган Баян-Ульгий шаарына барды.

Премьер-министрдин расмий сайтында айтылгандай, Масимов Монголияга Европа жана Азия өлкөлөрүнүн саммитине (ASEM) катышуу үчүн барды. Саммиттин алкагында Масимов бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт деп күтүлүүдө.

Баян-Ульгий аймагында Карим Масимов жергиликтүү казак диаспорасы менен жолугат. Кечээ Масимов 10-июлда Баян-Ульгийде суу ташкындан жабыркаган үй-бүлөлөргө Казакстан гуманитардык жардам берет деп билдирген. Астана кандай өлчөмдөгү көмөк көрсөтөрүн ал тактаган жок.

Казакстандын премьер-министринин сайтындагы маалыматка ылайык, Улан-Батордо өтчү Европа жана Азия өлкөлөрүнүн саммитинде ааламдык каржы-экономикалык каатчылыктын кесепеттерин жоюу, калыптанып калган жана жаңы коркунучтарга туруштук берүү, климат жана айлана-чөйрө маселелери талкууланат.

XS
SM
MD
LG