Ссылки доступа

Орусия Махачкалада уурдалгандардын туугандарына 120 миң евро төлөөгө милдеттендирилди


Адам укуктары боюнча Европа соту 2012-жылдын январында Дагестандын Махачкала шаарында уурдалган эки жашоочунун туугандарына Орусиянын 123 миң евро төлөп берүүсүн милдеттендирди.

«Кавказский узел» басылмасы билдиргендей, Сиражудин Алиев менен Газимагомед Абдулаевди Махачкаланын борбордук бөлүгүндө куралчан, жол кайгуул кызматкерлеринин кийимин кийген адамдар токтоткон. Алар экөөнү унаасынан күчкө салып чыгарып, кишен тагып, белгисиз тарапка алып кеткен. Окуяга көптөгөн адамдар күбө болгон. Европалык сотко кайрылган туугандарынын айтымында, уурдалган адамдарды алгач полиция бөлүмүнө алып барып, андан кийин Ставрополь крайына алып кетишкен. Андан кийинки тагдырлар боюнча кабар жок.

«Кавказский узел» белгилегендей, өлкө бийлиги уурдоо фактын танбайт, бирок күч түзүмдөрү катышканын четке кагууда.

Европа соту Орусия Алиев менен Абдулевдин эркиндик, кол тийбестик жана жашоого болгон укугун бузду деген тыянак чыгарды. Сот эсептегендей, аларды каза тапкан деп таануу оң болот. Ошондой эле уурдоо фактын иликтөө жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат деген бүтүм чыкты.

XS
SM
MD
LG