Ссылки доступа

Атамбаев: Аскаровдун сотуна БУУ өкүлдөрү да катышсын деген кат жөнөттүк


Кыргызстан Азимжан Аскаровдун иши кайра карала турган соттук отурумдарга Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери да катышуусун сунуштады.

Мындай кат менен Кыргызстан БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунга кайрылганын бүгүн Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

- Биз 12 эксперттин баарын тең кабыл алууга даярбыз. Залда отуруп ар бир суроо-жоопту уксун. Керек болсо алардын бул жерде жашаган акысын өзүбүз төлөп берели.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын Июнь окуясына айыптуу деп 2011-жылы Жогорку Соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG