Ссылки доступа

Астана ЭКСПО маалында митингдерге чектөө киргизүүнү ойлонуштурууда


Казакстандын башкы прокурору Жакип Асанов келерки жылы өтө турган эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүндө коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын билдирди. Анын айтымында, жогорку деңгээлдеги иш-чараны “жаңы коркунучтарды жана тобокелчиликтерди” эске алуу менен пландоо керек.

«Интерфакс — Казахстан» агенттиги маалымдагандай, Асанов Астанада ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн өткөрүү маалында митингдерге мыйзам аркылуу чектөө киргизүү сунушун айтты. Мындай пикирин ал мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңештин отурумунда билдирген. Башкы прокурор мындан тышкары ЭКСПО учурунда жеке жактарга курал сатууга тыюу салууну сунуштады.

«Жогорку денгээлдеги иш-чара айрым чектөөлөрсүз болбойт. Маселен, Сочиде мыйзам аркылуу митингдерге, демонстрацияларга, пикеттерге тыюу салынган. Курал сатууга бөгөт коюлган. Башка шаардан келген автоунаалардын киришине уруксат берилген эмес. Биз дагы бул тууралуу ойлонушубуз керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Бардык өлкөдө элдер муну түшүнөт», — деди Жакип Асанов.

Казакстанда жер реформасына каршы 24-апрелден тарта бир нече митингдер өтүп, ондогон жарандар кармалып, айып пул салынган. Айрымдарына кылмыш иши козголгон.

Өлкөдө 6-июлдан бери террордук коркунучтун төмөнкү –сары деңгээли сакталууда. Ал Актөбөдө куралдуу кол салуу болгондон кийин киргизилген, 40 суткага чейин күчүндө болот. Кандуу окуянын кесепетинен төрт жай тургун жана үч аскер кызматкери набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG