Ссылки доступа

Орусияда парламенттик шайлоого катышуу үчүн 22 партия БШКга тизме берди


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы сентябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин жылдырган партиялардан документтерди алып бүттү. Саясий өнөктүккө катышуу ниетин билдирген 24 партиянын ичинен 22си документтерин тапшырды.

РИА «Новости» кабарлагандай, Социалдык реформалар партиясы айрым алешемдиктери ачыкка чыккандан кийин парламенттин төмөнкү палатасындагы орундар үчүн күрөшүүдөн айныды.

Орусияда 21 партиянын ичинен 14ү шайлоочулардын колун чогултпай эле алдыдагы федералдык шайлоого катыша алат. Булар Мамдуманын азыркы чакырылышында өкүлчүлүгү бар – Либерал-демократиялык партиясы, “Адилеттүү Орусия”, Коммунисттер партиясы жана “Бирдиктүү Орусия” партиясы болуп эсептелет. Мындан тышкары «Яблоко», ПАРНАС, Өнүгүү сыяктуу дагы он партия бар.

Мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы документтер тапшырылып бүткөндөн тарта жети күн аралыгында партиялык тизмени бекитиши шарт.

Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул сапар Мамдума жарымы партиялык тизме жана жарымы бир мандаттуу округдан куралат. Шайлоо 18-сентябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG