Ссылки доступа

Меркель Германияда кыргыз студенттеринин санын көбөйтүп, туризмди өнүктүрүүнү сунуштады


Германияда 600дөн ашуун кыргыз студенти окуйт, бирок бул санды дагы көбөйтсө болот. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынында Германия канцлери Ангела Меркель билдирди.

“Биз Кыргызстан 2010-жылы тандап алган жолду абдан сыйлайбыз. Кыргызстан парламенттик демократияга ыктоо менен колдоого муктаж болуп турат. Калк үчүн экономикалык өнүгүү чоң мааниге ээ. Чакан жана орто бизнес илгерилегендей кылып, жаштар келечеги үчүн шарт түзүп, тажрыйбалуу адистер өлкөдөн кетип калбашы үчүн колдон келишинче аракет кылуу керек”, - деди канцлер.

Меркель белгилегендей, Кыргызстандын табияты абдан кооз. Андыктан туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү жолдорун ойлонуп көрүш керек.

Канцлер ошондой эле Кыргызстандагы немис азчылыгы боюнча кеп козгоду. Анын айтымында, немис тектүүлөр кыргыз коомчулугун өнүктүрүүдө оң таасир берүүдө. “Мен бүгүн этникалык немис азчылык өкүлдөрү менен жолугуп келдим. Биз келечекте KfW банкы ар кандай фонддор аркылуу кандай иштерди жасаса болорун, өнүктүрүү үчүн атайын фонд түзсө кандай болот деп сүйлөштүк”, - деди ал.

Меркель жакын арада Кыргызстанда немис экономика күндөрү өткөрүлөт деп кошумчалады. Ал Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестиция тармактарындагы байланыштарды бекемдөөгө шарт түзөт деп белгиледи канцлер.

XS
SM
MD
LG