Ссылки доступа

АКШ мамкатчысы Керри Москвада Путин менен жолукту


Москвада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Күн тартиби Сирия, Украина жана эки тараптын мамилесине арналды.

Жолугушуунун алдында Керри билдиргендей, президент Обама да, өзү да учурда АКШ менен Орусия дүйнөгө пайда алып келчү көп нерселерди жасай ала турган мезгилде турат деп эсептейт.

Мамкатчынын айтымында, “кеп бир гана Сирия же Украина жөнүндө эмес, биз бир топ илгерилете ала турган башка тармактар тууралуу дагы болуп жатат”.

Жолугушууга орус президентинин жардамчысы Владислав Сурков, америкалык тараптан болсо мамкатчынын жардамчысы Виктория Нуланд жана АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Теффт катышты.

Америкалык басылмалар жазгандай, Керри Москвага Сирия боюнча бир нече демилге менен барды. Маселен, террористтерге каршы күрөшүүдө координацияны бирге жүргүзүүнү сунуштамакчы. Керри Орусияга 2015-жылдын майынан тарта төртүнчү ирет келип отурат.

Буга чейин бейшембиде Жон Керри Парижде Франциянын улуттук майрамы – Бастилияны алган күнгө карата иш-чараларга катышып келди. Елисей талааларында ири аскерий парад өтүп, үч миңден ашуун адам катышты.

XS
SM
MD
LG