Ссылки доступа

Тажикстанда милиция хижаптан баш тартууга үндөөдө


Буга чейин Согд облусундагы бир нече аял жергиликтүү каналга кайрылып, көйгөйүн чагылдырып берүүнү өтүнгөн. Алар милиция кызматкерлери үйлөрүнө келип, хижап кийүүгө тыюу салып жатканын айткан.

Аялдардын айтымында, милиционерлер алар хижапты эмне үчүн кийип жүргөнүн, өз каалоосу мененби же күйөөлөрү мажбурлап жатышабы деп сурашкан.

Ички иштер министрлигинин Согд облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Шариф Назарзода бул маалыматты четке кагууда. Бирок милиция кызматкерлери аялдар бөтөн маданияттарды туурап, кийимдерин кийбеши үчүн бир гана «түшүндүрүү иштерин» жүргүзүп жатканын моюнуна алды. Ал мындай аракеттер үгүттөө жолу менен гана жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

Милиция кызматкерлери хижапчан аялдарга барып жатканын буга чейин социалдык тармактарда активист укук коргоочулар жазып чыгышкан. Бирок «Панджшанбе» базарында болгон окуяда аялдар менен сүйлөшүүгө эркек милиционерлер эмес, айым тартип сакчылар барганы айтылган.

XS
SM
MD
LG