Ссылки доступа

Ниццада каза болгондордун саны 84кө жетти


Франциянын Ницца шаарындагы теракттан набыт болгондордун саны 84 кишиге жетти. Кечээ Бастилияны алган күндү белгилөөдө жүк ташыган унаа чогулуп турган адамдарды жиреп кирген.

Өлкөнүн ички иштер министри Бернар Казнёв билдиргендей, 100дөн ашуун киши жарадар болду. 18 адам өтө оор абалда. Каза болгондордун арасында балдар көп.

Окуя он миңдеген адам майрамдык фейерверкти көрүп жаткан маалда болду. Жүк машине чоң ылдамдыкта эл чогулуп турган жолдо 2 чакырым жүрүп өттү. Айдоочусу полиция менен атышууда өлтүрүлдү. Унаанын ичинде чоң калибрдеги курал жана гранаталар табылды. Өз булактарына таянып Франс агенттиги жазгандай, машинеде Тунистен келген Ниццанын 31 жашар жашоочусунун документтери табылган.

Франция президенти Франсуа Олланд окуяны теракт деп атады. Жумага караган түнү өлкө башчысы телеберүү аркылуу чыгып, мерт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Олландын айтымында, 26-июлда бүтө турган өзгөчө кырдаал тартиби эми дагы үч айга созулат. Жакынкы арада парламентте тийиштүү мыйзам долбоору каралат.

XS
SM
MD
LG