Ссылки доступа

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну тездетүүгө чакырды


Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер кайрылды. Юнкер Лондондун мындан аркы пландарын билгиси келгенин өзгөчө баса белгилеп жазды.

Ушундай эле чакырык менен Мэйге Германия Канцлери Ангела Меркель жана Франция президенти Франсуа Олланд дагы кайрылышты. Алар Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коопсуздук жана миграциялык каатчылыкты чечүү маселелери боюнча кызматташтыкты улантуу керектигин талкуулашты.

Тереза Мэй өз кезегинде британиялыктардын мүдөөсүн ишке ашырып бере турганын билдирди. 23-июнда өткөн референдумда өлкө Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берген. Бирок уюмдан биротоло бөлүнүү үчүн убакыт керектелет.

XS
SM
MD
LG