Кылмыш ишинде айыпталуучу менен жабырлануучуга гана тиешелүү жашыруун маалымат бар. Андыктан соттук отурумга журналисттер киргизилбейт. Бул тууралуу тергѳѳгѳ жакын болгон ѳз булактарына таянып Bи-Би-Си кабарлады.
Щербаковго кылмышты билип туруп жасагандыгы үчүн оор айып тагылууда. Буга чейин офицер адам ѳлтүргѳнүн моюнуна алып, тергѳѳ менен кызматташууга макул болгон.
Соттук жараянды базада Урал аймактык аскер соту жүргүзѳт. Алгачкы отурум 19-июлга дайындалды.
Орус жоокерлери Тажикстандын аймагында жасаган кылмыштары үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылган.