«АКШ окуяны иликтөөдө Түркия бийлигине жардам берүүгө даяр экенин так түшүндүрдү. Бирок козголоңду уюштурууда Кошмо Штаттардын ролу бар экенин айдан ачык ырастоо эки тараптуу мамилелерди бузат», — деди Кирби.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, Керри Анкараны сабырдуу болууга, кандуу окуянын жагдайларын иликтөөдө мыйзамдарды сыйлоого чакырды.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-июлда америкалык кесиптеши Барака Обамадан динаятчы Фетхуллах Гүленди кайтарууга үндөгөн. Анкара аны аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыптоодо. «Эгер биз стратегиялык өнөктөш болсок, биздин өтүнүчүбүздү канааттандыргыла. Биз деле силер сураган террорчуларды бердик», — деген өлкө башчысы.
Буга чейин АКШ мамкатчысы Жон Керри Гүлендин козголоңго катышы бар экенин ырастаган далилдер болсо, Вашингтон аны карап чыгууга даяр экенин билдирген.