Ссылки доступа

АКШда полиция тобу буктурмага кабылып, үчөө өлтүрүлдү


АКШнын Луизиана штатында жайгашкан Батон-Руж шаарында белгисиз бирөө ок атып, натыйжада үч полиция кызматкери набыт болду. Дагы бир нечеси ар кандай жараат алды.

Кол салгандардын бири өлтүрүлдү. Ок чыгарган дагы эки киши качып кутулган. Аларды издөө иштери жүрүүдө.

Бийлик бул окуяны алдын ала уюштурулган буктурма катары сыпаттоодо. Полиция кызматкерлери атылган мылтыктын үнүн угуп келишип, өздөрү кол салууга кабылган.

5-июль күнү Батон-Ружда полициячы 37 жаштагы афро-америкалык Алтон Стерлингди атып өлтүргөн, ал эми 6-июлда Миннесота штатынын Сан-Пол шаарында кайгуул кызматкери 32 жаштагы кара терилүү Филандо Кастиле аттуу айдоочуга ок чыгарып, ал каза тапкан.

АКШнын көптөгөн шаарларында полиция тарабынан афро-америкалыктарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы массалык демонстрацииялар башталган. Бул өңүттөгү жүрүштөрдүн биринде, 7-июлда Далласта ооган согушунун кара терилүү ардагери беш полициячыны атып өлтүргөн. Жетөө жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG