Ссылки доступа

Түркия президенти ѳлүм жазасы кайтарылышы мүмкүн экендигин четке какпайт


Түркия президенти Режеп Эрдоган ѳлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүн экендигин четке какпайт. Ал жекшембиде билдиргендей, бул маселени оппозиция менен талкуулап кѳрѳт. 2004-жылы Түркия Евробиримдикке кошулууга жигердүү аракет кылып баштаганда ѳлүм жазасы алынган.

Стамбулда анын үйүнүн жанына чогулган адамдар мамлекеттик тѳңкѳрүш жасоого аракеттенгендерди ѳлүм жазасына тартуу керек деген чакырыктарды айткандан кийин президент элдин талабын кѳз жаздымда калтыруу болбойт деп билдирди.

Эрдоган козголоңчулардын жаңы чабуулдарынын алдын алып, элди кайрадан бир жума бою шаарлардын борбордук аянттарына чыгууга чакыра кетти. Ал тѳңкѳрүштү даярдоого Эрдоган менен араздашуудан кийин АКШга эмиграцияга кеткен диний аалым Фетхуллах Гүленди айыптады. Гүлен ѳзү козголоңго тиешеси бар экенин четке кагууда. Ал Түркиянын экстрадиция талабын караган америкалык соттун чечимине баш ийерин билдирди.

Жекшембиде Стамбулдагы Сабиха Гүлчен аба майданында жана Конья борбордук аймагындагы аба күчтѳрүнүн базасында козголоңчулардын калдыктары менен коопсуздук күчтѳрүнүн ортосунда ок атышуу болду.

Мамлекеттик тѳңкѳрүш жасоого шектелгендерге карата ѳтүп жаткан операцияда 6 миңден ашуун аскер жана судьялар кармалды. Алардын арасында аскерий аба күчтѳрүнүн башчысы Акин Ѳзтүрк бар. Жогорку кызматтарда отурган үч киши аны козголоң уюштуруучуларынын бири деп атады. Мындан тышкары НАТОнун Инжирлик базасынын жетекчиси генерал Бекир Эркан дагы кармалды. База АКШ ѳнѳктѳштѳрү менен бирге Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы абадан соккуларды жасап жатканда пайдаланылат. Камалгандардын арасында Эрдогандын башкы аскерий кеңешчиси Али Язижи бар.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, ишке ашпай калган мамлекеттик тѳңкѳрүштѳ каза тапкандардын саны 290го жетти.

XS
SM
MD
LG