Ссылки доступа

Ереванда оппозициячыл активисттер камалды


Армения бийлиги 17-июлда эртең менен полиция имаратын басып алып, адамдарды барымтага алган “Негиздѳѳчү парламент” кыймылынын активисттери менен сүйлѳшүүнү улантууда.

Армения полициясынын башчысынын орун басары Унан Погосяндын айтымында, аларды камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилян жана анын бир нече шеригин бошотуу талабынан баш тартууга кѳндүрүүгѳ аракет кылып жатышат. Активисттер абакта отургандарды саясий туткун деп эсептештет.

Погосян кошумчалагандай, басып алуучуларды жок кылуу үчүн полициянын күчү жана каражаттары жетиштүү. Бирок чырды тынч бүтүрүүгѳ мүмкүнчүлүк бар болуп турганда сүйлѳшүүнү уланта берүү керек. Жекшембиде Ереванда оппозициянын ондогон тарапташы кармалганы кабарланды.

Эркиндик аянтында “Тур, Армения” жарандык кыймылынын үч активисти - Андриас Гукасян, Давид Санасарян жана Давид Ованнисян камакка алынды. Алар акция ѳткѳрүүнү кѳздѳп жаткан. Мындан тышкары полицияга оппозициянын дагы бир нече тарапташы жана улгайган жарандардын бир тобу жеткирилди. Алар оппозициянын чакырын угуп, аянтка келишкен. Акцияда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдору талкууланмак.

17-июлда Еревандагы кол салуудан кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Артур Ваноян курман болуп, дагы үч кызматкер жарадар болду. Барымтага 6 полициячы алынды, арасында Армениянын полиция башчысынын орун басары Вартан Егиазарян жана Ереван полициясынын башчысынын орун басары Валерий Осипян дагы бар.

“Негиздѳѳчү парламенттин” ѳкүлдѳрү окуяны “ѳкмѳттү кулатып, саясий кѳз караштары үчүн камалгандарды бошотуу максатын кѳздѳгѳн козголоңдун башталышы” деп атады.

XS
SM
MD
LG