Ссылки доступа

Өзбекстан 16 тик учак жана 4 аскерий-транспорттук учак сатып алды


Өзбекстан өзүнүн Куралдуу күчтөрү үчүн Airbus Helicopters компаниясынан AS 332 (H225) Super Puma үлгүсүндөгү транспорттук тик учактарды жана AS 350 Ecureil жеңил тик учактарын сатып алды. Бул тууралуу kun.uz сайты кабарлады.

2013-жылы Өзбекстан Airbus Helicopters компаниясы менен (ал убакта Eurocopter деп аталчу) өзүнүн аскерий аба күчтөрүнө AS 332 (учурда H225) Super Puma үлгүсүндөгү сегиз транспорттук тик учак жана аскерге багытталган сегиз AS 350 Ecureil тик учагын сатып алууга келишим түзгөн.

2014-жылдын жайында Airbus Helicopters аскерий эмес вариантындагы 2 AS 350 Ecureil тик учагын тапшырган. Калган 14 машинени 2016-жылдын башында өткөрүп берген. Airbus апрелдин аягында Өзбекстанга C295W үлгүсүндөгү төрт аскерий-транспорттук учакты берген.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы билдиргендей, Өзбекстандын армиясы бүгүнкү күндө Борбор Азияда эң күчтүү деп эсептелет.

Global Firepower сайтынын маалыматы боюнча Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүндө 420 танк, 166 учак, 715 жөө аскер унаасы, 143 өзү жүрүүчү машине, 880 замбирек жана 109 жапырт аткан система бар. Өзбекстандын жылдык аскерий бюджети 70 миллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG