Ссылки доступа

Алматыдагы атышууда үч киши мерт кеткени айтылууда


Алматыда Абылай хан-Казыбек бий көчөлөрүнүн аймагында атышуу болуп, үч киши каза тапты. Алардын экөө - полиция кызматкерлери. Бул тууралуу Интерфакстын кабарчысына окуяга күбө болгон жашоочу айтып берди.

«Абылай хан-Казыбек бий кесилишинде үч адамдын сөөгү жатат. Экөө - полициянын кийимин кийген адамдар, бирөө – жай тургун», - деп ал кабарлады.

Буга чейин Алматы полициясы шаарда терроризмге каршы операция жүрөрүн жарыялап, жашоочуларды сак болууга чакырган.

«Баарынан үйлөрдөн чыкпай, адам көп чогулган жерлерге барбоону өтүнөбүз. Шектүү көрүнгөн адамдар боюнча дароо укук коргоо органдарына кайрылып, кызматкерлердин жана атайын органдардын кыймыл-аракеттерине түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

«Атышуу Алмалы райондук ички иштер башкармалыгынын айланасында гана болгон жок. Куралчан адам көчөлөрдү кыдырып, полиция менен атышууда. Болжолу, салттуу эмес диний агымдын тарапташы», - деп Интерфакска полициядагы өз булагы айтып берди

XS
SM
MD
LG