Ссылки доступа

Автоунаа айнегин караңгылатууга тыюу салынды


Кыргызстандык айдоочуларга машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө 18-июлдан тарта расмий түрдө тыюу салынды. Бул боюнча өкмөттүн токтому 30-июнда чыккан.

Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, эрежеге баш ийбегендерге айыппул салуу жана башка чара көрүү ыкмалары каралган:

- Административдик кодекстин 228-беренесинин негизинде терезени караңгылаткан чыптама сыйрылып, 2000 сом айып салынат. Чыптаманы алуудан баш тарткандардын автоунаасы айып аянтчасына киргизилет.

Токтомго ылайык, президенттин, өкмөт башчынын, парламент спикеринин жана Жогорку сот төрагасынын кызматтык автоунааларынын, аларды кайтарып жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүнүн машинелеринин айнектерин караңгылатууга уруксат бар. Андан тышкары акча жана баалуу буюмдарды ташыган “Кыргыз инкассациясы” уюмунун унааларына, соттолгондорду жана камакка алынгандарды алып жүргөн машинелерге айнек караңгылатууга тыюу салынбайт.

XS
SM
MD
LG