Ссылки доступа

Стамбул полициясына тик учактарды атып түшүрүүгө буйрук берилди


Стамбул полициясынын башчысы Мустафа Калискан кол алдындагыларга шаар үстүндө уруксаты жок учуп жүргөн тик учактарды эскертүүсүз атууга буйрук берди.

Мындан тышкары өлкөнүн башка шаарларынан Стамбулга атайын бөлүктүн 1800 аскери жөнөтүлдү. Алар Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин маанилүү объектилерди жана көчөөдөгү коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирет.

Ишембиге караган түнү Түркияда бир нече армиялык бөлүктөр аскердик төңкөрүш жасоого аракеттенген. Натыйжада 290дон ашуун адам курман болгон. Козголоң уюштурууга аракет жасаган деген шек менен алты миңден ашуун аскер кызматкери жана соттор кармалган.

Алардын арасында аскерий аба күчтѳрүнүн башчысы Акин Ѳзтүрк бар. Жогорку кызматтарда отурган үч киши аны козголоң уюштуруучуларынын бири деп атады. Мындан тышкары НАТОнун Инжирлик базасынын жетекчиси генерал Бекир Эркан дагы кармалды. База АКШ ѳнѳктѳштѳрү менен бирге Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы абадан соккуларды жасап жатканда пайдаланылат. Камалгандардын арасында Эрдогандын башкы аскерий кеңешчиси Али Язижи бар.

Бийлик тѳңкѳрүштү даярдоого Эрдоган менен араздашуудан кийин АКШга эмиграцияга кеткен диний аалым Фетхуллах Гүленди айыптады. Гүлен ѳзү козголоңго тиешеси бар экенин четке кагууда.

XS
SM
MD
LG