Ссылки доступа

Ереванда барымтага алынган полиция имаратынан бир туткун бошотулду


17-июлда куралчан топ басып алган Еревандагы полиция имаратынан бир киши чыгарылды. «Азаттык» радиосунун армян кызматы билдиргендей, туткун 18-июлга караган түнү бошотулду. Окуя боюнча башка так маалымат азырынча жок.

Имаратты басып алган куралчан адамдар беш полиция кызматкерин барымтада кармап турат. Алардын арасында Армениянын полиция башчысынын орун басары Вардан Егиазарян жана Еревандын полиция башчысынын орун басары Валерий Осипян бар.

Еревандын четинде жайгашкан полиция имаратын куралчан топ 17-июлда басып алды. Алгач барымтага 8 киши алынган. Атайын дайындоодогу топ алардын экөөсүн бошотту. Атышууда бир полиция кызматкери каза таап, экөө жарадар болду.

Кол салгандар Карабак жаңжалынын катышуучусу, радикалдуу оппозициялык маанайдагы «Жаңы Армения» коомдук куткаруу фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышууда. Ал өлкөдө аскерий төңкөрүш жасоого даярданып жаткан деген айып менен 20-июндан бери камакта отурат.

XS
SM
MD
LG