Ссылки доступа

Батыш Тянь-Шань ЮНЕСКО тизмесине киргизилди


Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча комитети бир нече өлкөдө жайгашкан Батыш Тянь-Шань тоо системасын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар объектилер тизмесине кошту.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өткөн Батыш Тянь-Шань кыркалары бул тизмеге кошулган сегиз объекттин бири болду.

Бийиктиги 700дөн 4503 метрге чейин жеткен Батыш Тянь-Шань - дүйнөдөгү эң ири тоо чынжырларынын катарына кирген Тянь-Шань тоо системасынын бир бөлүгү. Батыш Тянь-Шань био ар түрдүүлүгү менен айырмаланган ар кандай ландшафты менен бай. Батыш Тянь-Шань чөлкөмү дүйнөлүк мааниге ээ. Себеби бул бир нече мөмө дарактардын келип чыккан жери деп эсептелип, токойлордун жана өсүмдүктөрдүн өзгөчө түрлөрүнө бай келет деп ЮНЕСКОнун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Мындай чечим комитеттин 40-сессиясында кабыл алынды. Ал 10-17-июль аралыгында Стамбулда өттү. ЮНЕСКОго кирген сегиз объекттин арасында Ирандагы Лут чөлү жана Кытайдын Хубэй провинциясындагы Шэньнунцзя токой району бар. Тизмеге ошондой эле Канада, Мексика, Судан, Чад жана Ирактагы объектилер киргизилди.

XS
SM
MD
LG