Ссылки доступа

ИИМ: Алматыдагы чабуулду бир киши жасады


Астанада өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов кечээ Алматыда болгон атышуунун чоо-жайын айтып берди. Полицияга кол салынгандан кийин шаарда террордук коркунучтун эң жогорку даражасы жарыяланган.

Касымовдун маалыматы боюнча саат 10:54тө тапанча көтөргөн эркек киши Алмалы райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кезметчисине келип, эки жолу ок аткан. Полициячыны жарадар кылып, анын автоматына ээ болот. Андан кийин ал кезмет бөлүгүнө жана РИИБдин короосунда турган адамдарга каратып бир нече жолу атат. Жыйынтыгында, төрт полициячы жарадар болуп, мурун укук коргоо органдарында иштеген бир жай тургун каза тапты.

Министр айтып бергендей, андан соң кол салган киши көчөгө чыгып, өтүп бараткан унааны токтотуп, курал менен коркутуп, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Байзаков көчөсүндө жайгашкан департаментине айдаттырган. Жолдо баратып кууп келе жаткан полиция кызматкерлерине ок атат. Комитеттин имаратына жеткен соң күзөт машинесин атып, дагы эки полиция кызматкерин жарадар кылат. Башка унааны токтотуп, кол салган адам шаардын борбордук бөлүгүнө жетип, постто турган полициячылар менен атыша баштайт. Алардын бири өлүмгө алып келген жараат алып, экинчиси кылмышкердин өзүн жарадар кылат.

Касымов берген маалыматта экинчи кармалган киши ок аткан адамды жеткирген айдоочу экени айтылат.

Министр кошумчалагандай, РИИБ жана УКК департаментине кол салууга шектелип кармалган киши аялдын өлтүрүлүшүнө дагы катышкан болушу мүмкүн. Полициянын маалыматы боюнча 18-июлга караган түнү кармалган киши колдонгон тапанчадан таксиде бараткан бир аял өлтүрүлгөн. Такси машинеси болсо уурдалган.

УКК төрагасы Владимир Жумаканов билдиргендей, кылмышка 1990-жылы Кызыл-Ордо облусунда туулган Руслан Кулекбаев шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG