Ссылки доступа

Ереванда каатчылыктан чыгуу үчүн күч колдонууга каршы акция өтүүдө


Өлкө бийлиги имараттын ичинде төрт полиция кызматкерин барымтада алып турган куралчан оппозиционерлер менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Ереванда, Эркиндик аянтында, активисттер чогулуп, полиция имаратын басып алгандарга каршы күч колдонулбайт деген кепилдик берилишин талап кылышууда.

Өздөрүн “Сасун эрлери” деп атаган оппозициялык “Негиздөөчү парламент” кыймылынын активисттери барымтада төрт полициячыны кармап турат. Алар кыймылдын лидерлеринин бири Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышууда. Сефилян куралды мыйзамсыз сактаган деген айып менен камакка алынган. Бирок колдоочулары аны саясий көз караштары үчүн отургузулган деп эсептейт.

“Азаттыктын” армян кызматы билдиргендей, демонстранттар акыркы эки күндө кармалган оппозиционерлердин баарын бошотуп, буга чейин дүйшөмбүдө активисттердин полиция имаратына чейин жөө жүрүшүнө тоскоол болгон кызматкерлерге карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.

Армениянын полиция башчысынын орун басары Унан Погосян чогулуп келген активисттерге кармалгандар бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлөт деп убада берди. Ал имаратты басып алгандар менен сүйлөшүүлөр улантылып жатканын, барымтадагы 9 полиция кызматкеринин бешөө бошотулганын кошумчалады.

Еревандын Эребуни районундагы полиция имаратына куралдуу кол салууда 17-июлда бир полиция кызматкери каза таап, дагы төртөө жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG