Ссылки доступа

ЖМК: Түркияда орусиялык Су-24тү атып түшүргөн учкучтар кармалды


Түркия бийлиги былтыр ноябрда сирия-түрк чегинде орусиялык аскерий учакты атып түшүрүүгө тиешеси бар эки учкучту камакка алды. Бул тууралуу жогорку даражадагы түрк аткаминерине таянып Bloomberg кабарлады.

Буга чейин Анкаранын мэри Мелих Гөкчех CNN Turk телеканалында 16-июлга караган түнү аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылган жоокерлердин арасында Су-24тү атып түшүргөн учкуч бар экенин билдирген.

2015-жылдын 24-ноябрында түрк учагы Сирияда аба соккуларына катышып жаткан орусиялык Су-24тү атып түшүргөн. Учкуч Олег Пешков катапультаны колдонууга жетишкен, бирок жерден ок атылгандан кийин каза тапкан. Анкара бул учак Түркиянын аба мейкиндигине кирип кеткен деп билдирген. Орусия мындай дооматты четке каккан.

Орусиялык учкучтун өлүмү орус-түрк мамилесинин сууп кетишине алып келген. Москва Анкарадан кечирим суроосун талап кылып, бирок бул талап орундалбагандан кийин санкцияларды киргизген.

2016-жылдын июнунда Түркия президенти Режеп Эрдоган учкучтун өлүмүнө байланыштуу өкүнүч катын жолдогондон кийин Владимир Путин орус туристтеринин Түркияга барып эс алуусуна уруксат берген. Бирок бир катар түрк товарларына киргизилген чектөөлөр күчүндө калды.

XS
SM
MD
LG