Ссылки доступа

Алматыда мекемелердин көпчүлүгү иштеп баштады


Алматыда бүгүн уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин көпчүлүгү кайра иштеп баштады. Дүйшөмбүдө түштөн кийин соода борборлору, базарлар жана банктар жабылган. «Казпочта» компаниясынын бөлүмдөрү дагы белгисиз убакытка чейин иштебей турганы айтылып жаткан.

Кечинде террорго каршы операция аягына чыккандан кийин коркунуч даражасы «кызылдан сарыга» түшүрүлдү. Мындай кадам полиция кызматкерлерине бир гана адам кол салганы менен түшүндүрүлдү. Казакстандын ички иштер министрлиги дүйшөмбүдө кечинде билдиргендей, Алматыдагы абал «туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат».

Кол салуудан полициянын үч кызматкери жана эки жай тургун каза тапты. Чабуулга шектелип бир адам кармалды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев окуяны теракт деп атады.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери билдиргендей, Алматыда көпчүлүк банктар кадимки тартипте иштеп жатат. Ошондой эле соода борборлору дагы өз эшиктерин кайра ачты.

Шаарда курал саткан дүкөндөр да иштеп баштады. Дүйшөмбүдө окуяга байланыштуу алар жабылган. Жарандык жана кызматтык куралдарды сатуу боюнча иш алып барган «Корамсак» деп аталган ишкана жана уюмдар ассоциациясынын вице-президенти Сергей Катнов билдиргендей, коркунучтун «сары» даражасы жарыяланса дүкөндөр жабылышы керек деген талап жок. Бул тууралуу ал «Казинформ» агенттигине айтып берди.

XS
SM
MD
LG