Ал эми анын оператору Михаил Фомичев Түркияга киргизилбестен, кайра Орусияга жөнөтүлдү. Анын айтымында, Трушнин кандай себеп менен Түркияга киргизилгис адамдардын катарына кошулганын билбейт жана учурдагы абалы боюнча эч кабары жок.
«Ал редакцияга кыска билдирүү жөнөтүп, аны тинтип, документтерин алып коюшканын айтууга жетишкен. Андан кийин кабарчы менен байланыша алган жокпуз», - деп РИА «Новости» агенттигине РЕН ТВнын редакциясынан айтып беришти. Валентин Трушниндин жайгашкан жери боюнча телеканалдын маалыматы жок. Анын телефону өчүк.