Ссылки доступа

Сот maalymat.kg сайтын жаап койду


Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен maalymat.kg сайты жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, сот аткаруучулар домендерди каттаган “Азия инфо” уюмуна барып, сайтка бөгөт койдурган.

“Менин мүлктөрүмдү камакка алуу чечими кабыл алынган. Алар менин сайтымды жаап салышты. Бирок сайт мүлк болуп эсептелбейт. Соттун чечиминде “президент жөнүндө жазылган макала четке кагылсын” деп айтылат. Сайттын жабылышы тууралуу эч нерсе жазылган эмес”, - дейт ал.

Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын июнунда президентке келтирилген моралдык зыян үчүн 3 миллион сом кенемте төлөнүп берилсин деп өкүм чыгарган. Мындан тышкары журналист өзүнүн макаласын төгүндөгөн башка материал жазышы керек эле.

Доо арызда журналист макалаларынын биринде Алмазбек Атамбаевди жана Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн 2010-жылдагы июнь окуяларына себепкер болгон деп жазып чыкканы айтылат.

XS
SM
MD
LG