Ссылки доступа

Казакстанда экстремизм үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу каралууда


Казакстан улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал өкмөттүн жыйынында айтты.

Коопсуздук комитетинин төрагасы долбоорго экстремизм жана терроризм үчүн күнөөлөнгөн адамдын мал-мүлкүн милдеттүү түрдө конфискацияга алуу киргизилип жатканын маалымдады. Мындан тышкары ишмердүүлүгү антитеррордук мыйзамдарга дал келбеген уюмдарды жабуу сунушталууда.

Казакстан ички иштер министри Калмуханбет Касымов чет өлкөгө согуштук аракеттерге катышуу үчүн чыгып кеткен адамдардын жарандыгын алып таштоо боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.

Бул арада Алматыдагы атышуудан алты адам набыт кетти. Шаардын жан куткаруу бөлүмүндө эсине келе албай, кечээ полиция кызматкери көз жумду. Буга чейин үч тарип сакчысынын өлгөнү айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG