Ссылки доступа

Өзбекстанда электрондук "Алиппе" китеби чыгат


Өзбекстанда Мультимедиялык жалпы билим берүү программасын өнүктүрүү борборунун программисттери 1-класстар үчүн электрондук “Алиппе” китебин иштеп чыгышты. Бул тууралуу СА-News билдирет.

Электрондук китептин негизги максаты– заманбап техниканын жардамы менен билим берүү. Ошондой эле видео-аудиороликтердин жардамы менен сабакты эске тутуу жана өздөштүрүүнү жеңилдетүү. Жаңы табылга өзүнө балдардын кызыгуусун арттыруучу түстүү сүрөттөрдү, оюн, музыкаларды камтыйт. Китептин жыйынтыктоочу бөлүгүндө өтүлгөн сабактарды бекемдей турган тапшырмалар берилген. Балдар тамгалардын топтомун компьютердин жардамы менен үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Өзбекстандын интеллектуалдык менчик агенттиги кабарлагандай, китептин авторлоруна күбөлүк тапшырылды.

XS
SM
MD
LG