Ссылки доступа

Орусияда Тергөө комитетинин жогорку даражадагы кызматкерлери камалды


Москванын Лефортов соту Орусиянын Тергөө комитетинин (ОТК) ички коопсуздук башкармалыгынын башчысы Михаил Максименкону 15-сентябрга чейин камакка алды. Ал ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Шейшембиде анын орун басары Александр Ламонов дагы ушундай эле жүйөө менен камалды.

Ошол эле сот ОТКнын Москва боюнча башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Денис Никандровду камакка алды. Ал дагы пара алган деп айыпталууда.

Маалымат каражаттары билдиргендей, Никандров жана анын кесиптештерин Федералдык коопсуздук кызматы кармады. Алар 8 миллион рублды опузалап тартып алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алынды. Бул иште Шакро Молодой каймана аты менен таанылган “мыйзамдагы ууру” Захарий Калашов фигурант болууда.

XS
SM
MD
LG