Ссылки доступа

Киевдеги жардыруудан журналист Павел Шеремет каза тапты


“Украина чындыгы” билдиргендей, окуя таң эрте журналист унаага түшүп, үйүнөн ондогон метр алыстаганда болгон. Жардыруунун кесепетинен күйүп кеткен автоунаа ал иштеген “Украина чындыгы” басылмасынын жетекчиси Ален Притулеге тиешелүү экени белгилүү болду.

Павел Шеремет – белгилүү белорусиялык, орусиялык жана украиналык журналист. 44 жаштагы калемгер карьерасын белорусиялык телекөрсөтүүдө баштаган. 1998-жылдан 2008-жылга чейин Орусиянын "Биринчи каналында" атайын кабарчы, “Время” берүүсүнүн алып баруучусу катары кызмат өтөгөн. Ал мындан тышкары даректүү тасмалардын автору да болгон. Акыркы жылдары Киевде жашап, “Украина чындыгы” басылмасында эмгектенип, “Вести” радиосунда алып баруучу болуп иштеп жаткан.

Павел Шеремет “Свобода” радиосундагы Украина менен Орусиядагы саясий кырдаалды талкуулаган программаларга көп жолу конок катары чакырылган. Шеремет украиналык Майданды колдоп, Орусия бийлигине каршы пикирлерди ачык эле билдирип келген. Акыркы жолу ушул жылдын 9-мартында "Лицом к событию" программасына катышкан. Ага чейин болсо Крым, Донбасстагы каатчылык, Украинадагы реформа боюнча айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG