Саломов журналисттерге айтып бергендей, милиция кызматкерлеринин мындай татыксыз мамилеси элдин ичинде укук коргоо органдарынын беделин түшүрөт. Ал «жакын арада үч милиционердин «ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши сотко жиберилет» деп кошумчалады.
Фархор районунун ички иштер бөлүмүнүн өкүлү жергиликтүү тургундун сабалышы боюнча жооп берип жатып бул окуя төрт ай мурун болгонун кабарлады. Бирок милиция кызматкерлерине карата эми гана чара көрүлүүдө. 37 жашар Парвиз Хабибов аларга карата арыз жазып, үч милиционер - Файз Саидов, Мехроб Давлатов жана А. Акрамжони кармалган.
Сабалган Парвиз Хабибовдун энеси Гүлби Хабибова окуянын чоо-жайын айтып берди: «Балам аялы менен урушуп кетип, аны милицияга алып кетишкен. Бөйрөктөрүн сындырып салышыптыр. Аны сабашкандан кийин Дүйшөмбүдө дарыланган. Окуянын баары жазылып калган», - деди ал. Хабибова белгилегендей, анын уулу учурда башка дарты менен ооруканада жатат. Бирок милиционерлер сабагандыгы үчүн жазасын алуусун каалайт.
Хатлон облустук ички иштер башкармалыгы быйылкы жылдын алты ай ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери 188 ирет эреже бузгандыгын билдирүүдө. Бул убакытта 6 милиция офицери 7 кылмышка шектелип, жоопкерчиликке тартылган.