Ссылки доступа

Өзбекстандын жогорку окуу жайлары медресе бүтүрүүчүлөрүнөн документ албай жатат


Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын кабыл алуу комиссиялары өлкөдөгү Мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы диний билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнөн документтерди кабыл албай жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына медреселердин бүтүрүүчүлөрү билдиришти.

Өзбекстандын билим берүү министрлигинин жооптуу кызматкери бүгүнкү күнгө чейин θзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесин комиссияга жөнөтпөгөнүн билдирди.

Өз кезегинде дин башкармалыгы өлкөнүн Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги «мыйзамга каршы» иштеп жатканын айтууда. Дин башкармалыктын маалыматы боюнча диний окуу жайлар тарабынан берилген дипломдор жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн жетишүү.

Өзбекстандын өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-августундагы токтомуна ылайык, Ташкент ислам институтунун жана атайын ислам орто окуу жайларынын дипломдору мамлекеттик үлгүдөгү документтерге теңелген. Диний окуу жайлардын дипломдорунда мамлекеттик нормаларга ылайык киргизилген билим берүү стандарттары, окуу пландары, ошондой эле диний жана светтик билимдер эске алынган.

XS
SM
MD
LG