Ссылки доступа

Полиция Алматыда атайын операция аягына чыкканын билдирди


Алматыда бүгүн эртең менен атайын операция өтүп жатат деп курчоого алынган район ачылды. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден «Азаттыктын» кабарчысы билдирүүдө.

Алматынын ички иштер департаменти маалымдагандай, ыкчам-издөө иш-чаралары соңуна чыкты. Бүгүн таң эрте Гоголь-Зенков-Макатаев-Абдулиндер көчөлөрү менен чектелген аймак курчоого алынган. Жолдор эки сааттан ашык убакытка буулду.

Курчалган көчөлөрдө полициячылар жана коопсуздук күчтөрүнүн куралчан кызматкерлери коюлган. Райондо полициянын кичи автобустары жана атайын техника дагы турду. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргендей, уюлдук Интернет аркылуу файлдарды жөнөтүүдө үзгүлтүккө учурап жатты. Жергиликтүү маалымат сайттары жакын жерде жайгашкан «Жашыл базар» району дагы курчалганын жазышкан.

Алматынын ички иштер департаменти буга чейин бул аймакта ыкчам-издөө иш-чаралары өтүп жатканын жарыялаган. Департаменттин басма сөз кызматы кошумча толугураак маалымат берген жок. Атайын операция 18-июлда каза болгон полициячыларды эскерүү аземи менен катар өтүп жатты.

XS
SM
MD
LG