Ссылки доступа

Казак активисттери Киевден башпаанек сурады


Казакстандагы informburo.kz сайты Алматы боюнча кылмыш-аткаруу системасы департаментинин башчысы Манас Туякбаевге таянып жазгандай, Киевге кеткен коомдук ишмер жана жарандык активист Ермек Нарымбаевге издѳѳ жарыяланган.

Туякбаевдин айтымында, учурда “алгачкы издѳѳ иш-чаралары” ѳтүп жатат. Эгер Нарымбаевдин кетип калганы аныкталса (Нарымбаев кеткенин тастыктап, Киевде басма сѳз жыйынын ѳткѳргѳн), “тийиштүү чаралар кѳрүлѳт”.

“Ал кѳзѳмѳлгѳ алынгандан кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳн. Бирок Нарымбаев жинденип, сот тарабынан жүктөлгөн милдеттенмелерди терс кабыл алган. Жазанын негизги мѳѳнѳтү аягына чыкканга чейин же кѳзѳмѳл убакты бүткѳнчѳ чейин ѳлкѳдѳн чыгууга тыюу салынганы боюнча жазуу түрүндѳ айтылган”, - дейт департаменттин башчысы.

Ермек Нарымбаев Украинага кетип калганы 14-июлда белгилүү болду. Айдос Садыков Facebook баракчасына Нарымбаевдин Киевде жүргѳнүн тартып чыгарган. Нарымбаев менен бирге Украинага активист Мѳлдир Адилова дагы кеткен. Ал 21-майда “жер маселеси” боюнча ѳткѳн митингде кармалган. Нарымбаев менен Адилова Киевде басма сѳз жыйынын ѳткѳрүп Казакстанда алардын укуктары тепселип жатканын жана башпаанек сурай турганы билдирген.

Ермек Нарымбаев 2015-жылдын аягында Facebook баракчасында Мурат Телибековдун “Кѳчѳдѳн келген шамал” китебинен үзүндүсүн чыгарып, улут аралык кастыкты жаратты деген айып менен соттолгон. Андан кийин түрмѳдѳн бошотулуп, бирок эркиндиги чектелген.

XS
SM
MD
LG