Ссылки доступа

Өзбекстан Рогун ГЭСинин курулушуна каршы чыгууну улантууда


Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзияев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзодага расмий түрдө кайрылуу жолдоду. Анда Дүйшөмбү менен италиялык «Салими Импреджило» (Salini Impregilo S.p.A) компаниясынын ортосунда Рогун ГЭСин куруп бүтүрүү боюнча түзүлгөн келишимге кабатыр болуп жаткандыгы айтылган.

Мирзаевдин 19-июлда жөнөтүлгөн катында Тажикстан Рогун ГЭСин курбай эле өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги, бул маселени чечүүнүн коопсуз жолдору каралышы керектиги жазылган.

Азыркыга чейин тажик бийлиги бул катты алган-албаганын жана жооп кандай болорун айткан жок. Тажикстан ТИМиндеги бир гана булак билдиргендей, Шавкат Мирзияевдин каты келсе, алгач аны өлкө жетекчиси карап чыккандан кийин гана бул жөнүндө көз караштарын айтышат.

Бул арада Шавкат Мирзияев кайрылуусунда Тажикстандын кандай гана жол менен болбосун Рогун ГЭСин курууга болгон ишенимдүү аракети чочулатып жатканы, мунун орду толгус терс натыйжалары эскертүү берүүгө арагасыз кылганын айткан.

Ал Дүйнөлүк банктын алдындагы эл аралык экспертиза иликтөөлөрүнө таянып, Рогун ГЭСи курулса, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч жаратарын билдирген. Техногендик, экологиялык, социалдык жана экономикалык тобокелчиликтерди эске алып, банк ири долбоорду каржылоодон баш тартканын жазган.

Тажик бийлиги буга чейин Рогун ГЭСин куруу менен дарыядан ылдый жайгашкан өлкөлөрдү, анын ичинен Өзбекстандын айыл чарба жерлерин суусуз калтыруу максатын көздөбөй тургандыгын ачыктаган эле.

Рогун ГЭСинин курулушун “жашоо жана өлүм” маселеси деп атаган Тажикстан өкмөтү 1-июлда италиялык компания менен келишимге кол койгон. Тажик бийлиги кабарлагандай, макулдашуунун жалпы суммасы 3,9 миллиар долларды түзөт. Документке кол коюлгандан бир жума өткөн соң Salini Impregilo Рогун ГЭСинин эки алгачкы агрегаты 2018-жылы ишке берилерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG