Ссылки доступа

АКШ журналист Павел Шереметтин өлүмүн иликтөөгө көмөк көрсөтөт


Америка Кошмо Штаттары Киевде журналист Павел Шеремет каза болду деген кабарды кайгыруу менен кабыл алды. Бул тууралуу Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди.

АКШ Украинанын өкмөтү менен тилектеш болуп, кылмышка күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн толук жана бейтараптуу иликтөө жүргүзүү ниетин колдогону айтылат.

Мамдепартамент Украинада демократияны колдоодо Павел Шереметтин орду чоң экенин белгиледи. Департамент өз кайрылуусунда мындай кылмыштарга «эркин жана демократиялык коомдо орун жок» деп кошумчалады.

Жон Кирби Федералдык иликтөө бюросу бул ишти тергөөгө украин бийликтерине жардам бере баштаганын кабарлады. Ал Шереметтин жакындарына жана «Украинская правда» басылмасындагы кесиптештерине көңүл айтты.

Буга чейин Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Зорян Шкиряк журналисттин өмүрүн алган унаанын жарылышына Орусиянын атайын кызматтары тиешелүү болушу мүмкүн деп билдирген.

XS
SM
MD
LG