Ссылки доступа

Кыргызстанда өзбек ырчысына жарандык берүүнү сунушташууда


Социалдык тармактардын  колдонуучулары шайырлар жана тапкычтар клубунда (КВН) ойногон «Азия MIX» командасынын мүчөсү, өзбек ырчысы Ситора Фармонованы колдоо акциясын өткөрүп, кыргыз атуулдугун берүүнү сунушташууда.

«Урматтуу мекендештер, келгиле, «Азия MIX» командасынын катышуучусу Ситора Фармонованы бирге колдоп берели. Биздин командабыз жакында эле «Голосящий КиВиН» фестивалын жеңип алды. Ситорага Кыргыз Республикасынын жарандыгын сунуштоо керек деп эсептейм. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, ага КР атуулдугун сунуштоону өтүнөм», - деп активист Темирлан Аскеров жазып чыкты.

Өзбекстандын «Өзбекнаво» мамлекеттик уюму ырчы менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн талаптар такай бузулганы айтып, Ситора Фармонованын лицензиясын жокко чыгарып койду. Мындан ары ал өлкөдөгү телеканалдарга, радиого чыга албайт. Ошондой эле жеке концерт берүүгө да тыюу салынат.

Учурда өзбекстандык социалдык тармак колдонуучулары актрисанын КВН сахнасындагы азилдерин талкуулашып, анын сөздөрү өзбектерди мазактоо экенин айтып, сындап жатышат. Андан тышкары КВНге Кыргызстандын атынан чыгып жүргөнүнө да айрым кишилер нааразы.

XS
SM
MD
LG