Ссылки доступа

Укук коргоочулар: Кыргызстанда жыл сайын 12 миңдей ала качуу болуп турат


Укук коргоочулардын баамында өлкөдө жыл сайын 12 миңдей кызды ала качышат. Алардын эки миңге жакыны сексуалдык зомбулукка кабылат.

БУУнун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын аялдарга карата 3 миңдей кылмыш жасалат. Тагыраак айтканда, зордуктоо, денеге жаракат келтирүү, токмокко алуу, катаал мамиле жасоо жана үй-бүлө курууга мажбурлоо учурлары катталып турат.

Расмий статистикага ылайык, өлкө калкынын 2 миллион 987 миңин аял кишилер түзөт. Эл аралык изилдөө жүргүзүлгөндө 150 миңден ашуу аял ала качуунун натыйжасында күйөөгө тийгени аныкталды.

Жакында эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда үй-бүлө куруу үчүн кызды алуу факты боюнча кылмыш иши козголду. 20 жашар Айнуранын ата-энеси кыздын пикирин эске албастан буга чейин ажырашып кеткен кишиге күйөөгө берип салышкан. Айнура аргасыздан Казакстанда жашаган курбусу Айгүл Аблаевага жардам суроого мажбур болгон.

Жабыркаган Айнура туугандарынын нааразы болушунан коркуп, эч кимди сотко бербей турганын билдирген. Учурда ал досторунун үйүлөрүндө жашоодо. Кыздын туугандары милиция жеке жашоого аралашты деп нааразылын айтып, башка органдарга арыз жазып кайрыла турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG