Ссылки доступа

Актөбөдө аба майданга аскерий учактар конуп баштады


Актөбө шаарынын жетекчилиги жашоочуларды жергиликтүү аэродромго аскерий учактар конуп баштаганын эскертүүдө.

20-июлдан 26сына чейин Актөбө шаарынын аба майданы аркылуу транспорттук жана аскерий авиация учат деп “Актөбө акпараттын” билдирүүсүндө айтылат. Шаарда Орусиядагы аскерий иш-чарага катыша турган учактар конууда.

Аскерий коргонуу күчтөр институтунун башчысы Талгат Бегелдиновдун айтымында, Казакстандын аба күчтөрү Орусияда өтө турган “АрМИ-2016” эл аралык оюндарына катышат.

Билдирүүдө айтылгандай, жалган маалымат тарап, Актөбө тургундарын дүрбөлөңгө салбаш үчүн авиация аба майданга коно турганы боюнча элге кабар берилүүдө.

XS
SM
MD
LG