Ссылки доступа

Шахноз "Мисс БУУ-2016" таажысын кийүү үчүн күрөшөт (видео)


Тажик кызы Шахноз Эроншо Тажикстандын атынан "Мисс БУУ-2016" сынагынын финалына чыкты.

Нью-Йоркто өтө турган сынактын жыйынтыктары 12-августта белгилүү болот. Иш-чара жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдүн сулууларынын катышуусунда өтөт.

Шахноз АКШда жашайт, ал Нью-Йорктогу көркөм өнөр боюнча шаардык колледжди аяктаган.

Ал Дүйшөмбүдө төрөлгөн. Орусияда 18 жашка чыкканга чейин жашап, кийин Америкада окууну чечкен. Шахноз бул жылы БУУнун сулуулар сынагына тарыхый мекенинин атынан катышууну эп көргөн. 2011-жылы Тажикстандан Нилуфар Шерзод БУУга мүчө өлкөлөрдүн эң татыктуу сулуусу катары таажы кийген.

Бул эмне болгон конкурс жана Шахноз кандайча АКШга барып калды жана башкалар туурасында ал “Азаттык” радиосунун тажик кызматына айтып берди.

XS
SM
MD
LG